Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн, 24-декабрда саат 16:00 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында 500 метр куб кар көчкү түшүп, жолду жаап калган. Ошондой эле ӨКМ кар көчкүнүн алдында жүк ташуучу унаа дагы калып, бирок жүргүнчү жана айдоочу жабыркабаганын кошумчалады. Учурда унаа жолду кардан тазалоо иштери жүрүп жатат.