Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоровдун демилгеси менен 22-23-мартта Бишкек шаарында “Өрүкзар-2014” аттуу кичи футбол мелдеши өттү. Мелдешке 34 курама команда катышты. Иш-чара жаштарды ынтымакка чакыруу менен сергек жашоого үндөө, чек арага чектеш жашаган элдин духун көтөрүү максатында уюштурулганын билдирет ЖКнын маалымат кызматы.
Оюндарга депутаттар Улукбек Кочкоров, Ташполот Балтабаев, Карамат Орозова, Алишер Абдырахманов, коомдук ишмерлер Мамат Айбалаев, Рахат Ачылова, Султан Айжигитов жана башкалар катышып, спортчуларды Нооруз майрамы менен куттукташканы айтылды.
"Самаркандек" курама командасы 1-орунга ээ болуп, оюнчуларга кубок жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.