Футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогунда «Дордой» менен «Алай» кез келүүдө. Учурда оюндун экинчи бөлүгү башталып жатат. Азырынча 1:0 эсебинде бишкектик “Дордой” алдыда баратат.
Кошумчалай кетсек, ар бир сезон Суперкубок оюну менен ачылат. Анда Көз карандысыздык Кубогунун жеңүүчүсү менен ТОП-Лиганын чемпиону кез келет. 2013-жылы бул эки мелдеште тең “Алай” жеңүүчү аталган. “Дордой” Суперкубокто ойноо мүмкүнчүлүгүнө ТОП-Лигада 2-орунду ээлеген соң ээ болгон.