28-30-март аралыгында Бишкектеги муз аянтында муз үстүндө бийлөө боюнча Кыргызстандын Ачык биринчилиги өтөт. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 5 жаштан 16 жашка чейинки спортчулар катыша турган мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен жалпысынан 150 спортчу катышары күтүлүүдө.