22-мартта Алматы шаарында жыйынтыкталган каратэ боюнча жаштар арасындагы Азиянын Ачык биринчилигинде кыргызстандык спортчулар 8 медаль тагынышты. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын желеги астында 15 спортчу катышкан Азия биринчилигинде алтын медалды 15 жашка чейинкилер арасында Артём Носарев жеңсе, 9 жаштагы Байел Шерматов күмүш медаль тагынды. Андан тышкары түрдүү курактардагы спортчулардан Каныкей Касымбекова, Залкарбек Курустанбеков, Роман Банько, Эрлан Кадыркулов, Медербек Үсөнбаев жана Арсланбек Асылбек уулу коло медалдардын ээси болушту.