ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер Бишкекке келди

Кечээ, 24-мартта ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер Бишкекке расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Дүйнөлүк футболдо кадырлуу орду бар швейцариялык жетекчи 24-март күнү кечинде “Манас” аэропортуна келип түшкөн.  

Кошумчалай кетсек, Блаттер расмий иш сапарынын алкагында “Гол-3” долбоорунун негизинде курулган футболдук майдандын ачылыш аземине катышат жана журналисттер менен жолугушуу өткөрөт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан