Бүгүн, 25-мартта ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер Бишкекке болгон расмий сапарынын алкагында “Гол-3” долбоорунун негизинде курулган футболдук майдандын ачылыш аземине катышты.
Ачылыш учурунда ал футбол сүйүүчүлөрүн футболго болгон кызыгууну арттырууну жана ФИФА кыргыз футболунун өнүгүшүнө жан дили менен жардам берүүнү улантарын айтты. Блаттер андан тышкары журналисттер менен жолугушмакчы.