Бүгүн, 25-мартта Бишкекке ФИФАнын президенти
Йозеф Блаттер келип, "Гол-3" долбоорунун алкагында салынган футболдук майдандын расмий ачылыш аземине катышты. Андан тышкары журналисттер менен жолугушуу өткөрүп, дал ушул долбоордун тегерегинде бир канча суроого жооп кайтарды.
Кошумчалай кетсек, 10-мартта 78 жашка толгон швейцариялык ишмер Блаттер ФИФАнын президенти катары 1998-жылдан тарта эмгектенип келет. Буга чейин ал 2007-жылы Бишкекке расмий иш сапары менен келип кеткен эле.