“Бавария” мөөнөтүнөн мурда Германиянын чемпиону аталды

Кечээ, 25-март түнү Германиянын чемпиондугунда (Бундеслига) 27-тур оюндары орун алып, мюнхендик “Бавария” мелдештин жыйынтыкталарына 7 тур калганда чемпиондукту камсыздай алды. Бул күнү “Бавария” атаандашы “Гертаны” 3:1 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.  

Кошумчалай кетсек, “Бавария” сезон алкагында 25 оюнда жеңүүчү аталса, 2 оюнда тең чыгуу катталган. Клуб быйылкы сезондун эсебинен Өлкө чемпиондугунда жеңилүүгө туш боло элек. Бул көрсөткүч менен “Бавария” мелдеш жадыбалында эң жакын атаандашы дортмунддук “Боруссияны” 25 упай артка таштады. Мелдеш дагы 7 турга созулат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан