Ош шаарынын борбордук стадионунда 1-апрель күнү Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тайпалык баскычынын 4-турунда кыргызстандык "Алай" жана иорданиялык «Шабаб-Аль-Ордон» клубунун командаларынын ортосунда футболдук таймаш өтөт.
Маалыматка ылайык, боло турган оюнга Ош шаардык мэринин катышуусу менен 15 адамдан турган штаб түзүлдү. Штабдын башкы жетекчилигине шаардын вице-мэри Ильич Эргешов дайындалып, иш-чараны башынан аягына чейин көзөмөлгө алмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.