Кечээ, 26-мартта Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин спортзалында ардагерлер арасында кичи футбол боюнча мелдеш старт алды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш КРнын Кичи футбол ассоциациясынын биринчи президенти Кадыр Атагараевдин жаркын элесине арналып уюшулуп жатат.
Чемпиондук жарышка 8 команда түшүп жатат. Алгач командалар 2 тайпага төрт-төрттөн бөлүнүп, топтогон упайлардын негизинде финалдык баскычтын катышуучуларын аныкташат. Финал 30-мартта орун алат.