Бүгүн, 27-мартта Перунун Лима шаарында Антонина Шевченко тайбокс боюнча Дүйнө чемпиондугу үчүн беттеш өткөрөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет. Маалыматка ылайык, беттеш 63,5 килограммдык салмактык бөлүктө өтөт жана Шевченкого каршы мексикалык Яжайра Манзанарез рингге чыгат.
Кошумчалай кетсек, эже-сиңди Шевченколор учурда Перуда жашап, машыгып келишет.