Сокулуктан "17 жашар кызды зордуктады" деген шек менен 2 киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 26-мартта Сокулук айылынын тургунунан милицияга кайрылуу келген. Жабырлануучу 25-мартта 17 жаштагы кызын 2 киши айыл четине алып чыгып, күч колдонуу менен зордуктаганын айткан. Изилдөөнүн жыйынтыгында аталган кылмышка шектелип, 41 жаштагы жана 18 жаштагы 2 жаран колго түшүрүлгөн.
Учурда “зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери улантылууда.