Бүгүн, 27-мартта Казакстандын Алматы шаарында жыйынтыкталган эл аралык мелдеште кыргызстандык мушкерлер 4 алтын медаль багындырышты. Аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришкендей, Серик Абденалиевдин байгеси үчүн тирештин финалына 6 кыргыз мушкери чыккан.
Жыйынтыгында 49 килограмм салмактык бөлүктө финалда кыргызстандык мушкерлер Мирлан Түркбай уулу менен Турат Осмонов кез келди. Жыйынтыгында Мирлан Түркбай уулу алтын медаль тагынса, Турат Осмонов кыргызстандын эсебине күмүш медаль алып келди. Ошондой эле Эрмек Сакенов 64 килограмм, Эркин Болотбек уулу 69 килограмм жана Чингис Борбашев 91 килограмм салмактык бөлүктө 1-орунду ээлешти.
Ал эми Турат Осмоновдон башка Азамат Каныбек уулу да (75 кг) күмүш тагынса, Адилет Аблашимов (69 кг) менен Өмүрбек Малабеков (56 кг) өз салмактарында коло медалдарды утуп алышты.