Бүгүн, 28-мартта Орусиянын Москва шаарында КРнын Элчилигинин Кубогу үчүн шахмат боюнча турнир өтөт. Ага Москвада жана Москва облусунда жашаган кыргызстандык эмгек мигранттары катыша алат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, иш-чара бүгүн, саат 14:00дө Улуттар үйүнүн №5-залында уюштурулат. Дареги: Новая Басманная көчөсү, 4-үй, 1-имарат.
Турнирдин жеңүүчүсүнө КРнын Элчилигинин Кубогу ыйгарылат. Мындан тышкары мыкты оюнчулар баалуу сыйлыктарга ээ болушат.