26-мартта Австралиянын Сидней шаарында футбол боюнча 2015-жылы өтө турган Азия Кубогунун чүчү кулак таштоо аземи болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, анда 16 курама команда төрт-төрттөн 4 тайпага бөлүштүрүлдү. Азырынча 15 команданын ысымы белгилүү. “D” тайпасына төртүнчү команда болуп АФКнын Чакырык Кубогунда жеңүүчү аталган команда жайгашат.
Тайпалар:
“А” тайпасы: Австралия, Түштүк Корея, Кувейт, Оман
“В” тайпасы: Өзбекстан, Сауд Арабия, Түндүк Корея, Кытай
“С” тайпасы: Иран, БАЭ, Бахрейн, Катар
“D” тайпасы: Япония, Иордания, Ирак, АФКнын Чакырык Кубогунун жеңүүчүсү
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан курама командасы баш болгон 8 курама команда 19-30-май аралыгында Мальдив аралдарында АФКнын Чакырык Кубогу үчүн кез келишет. Мелдештин жеңүүчүсү 2015-жылы Австралияда өтүүчү Азия чемпиондугуна жолдомо алат.