Антонина Шевченко тайбокс боюнча Дүйнө чемпиону аталды
Кечээ, 27-мартта Перунун Лима шаарында Антонина
Шевченко тайбокс боюнча Дүйнө чемпиондугу үчүн беттеш өткөрүп, карьерасында
7-ирет Дүйнө чемпиону аталды. 63,5 килограммдык салмактык бөлүктө өткөн
беттеште Шевченко мексикалык Яжайра Манзанарезди утуп алды. Бул тууралуу
аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашты.