Кыргыздын чыгаан жигиттеринин бири Руслан Абасовдун набыт болгону тууралуу кабар кечээ, 27-мартта тарады. Спортчу айдап бараткан унаа Токмок шаарындагы 1-кичи райондон 3-кичи районду көздөй бара жатканда имерилиштен жарылып, жаракат алган кикбоксчу ооруканага жетип каза болгон. Унаанын ичинде чогуу болгон жубайы жабыркаган эмес, абалы жакшы.
Кезинде оор салмакта далай атаандашынын жүрөк үшүн алып турган кикбоксчу 2011-жылы "Супер-Инфо" гезитине маек куруп, келечекке койгон пландары менен бөлүшүп, чоң спорттогу чыйыры жана спорттон кийинки жашоосу жөнүндө айтып берген. "Уулум Руслан Руслановичтин Олимпиада чемпиону болушу үчүн бар күчүмдү жумшайм" деген спортчу уулунун чоңойгонун да, чемпион болгонун да көрө албайт. 37 жашында дүйнө салган кикбоксчуну жакындары эскеришти.
*Абасов Руслан Акылбекович 1976-жылы 15-ноябрда Токмок шаарында төрөлгөн.
* Кикбокс боюнча профессионалдар арасында 3 жолу Дүйнө (1999, 2003, 2005) жана 3 жолу Европа (1998, 2000, 2005) чемпиону аталган. 2002-жылы Дүйнө кубогун уткан.
* Токмок технологиялык институтунун экономика бөлүмүн бүтүргөн.
“ГЕРМЕС-ПРОФИГЕ” МАЛИК БОРБАШЕВДИН ЧАКЫРУУСУ МЕНЕН КЕЛГЕН
Руслан Абасовдой тайманбас, өжөр мүнөз күткөн спортчуну кадам сайын учуратуу кыйын. Айтканын аткарып, кашкөйлүк менен жеңишке умтулуп келген Руслан “Брюс Лини кумир тутуп, ошонун арты менен спортко аралаштым” деп калчу. Аны бийиктикке сүйрөп турган мүнөзү менен ал кикбокско чейин баскетбол, күрөш, бокс, ушу-саньда спорттору менен машыккан. 1994-жылы “Гермес-профи” клубунун машыктыруучусу Александр Воинов менен таанышып, ошол жылы “Гермес-профиге” Малик Борбашевдин чакыруусу менен келген. Бул клуб аркылуу ал профессионалдык деңгээлге өсүп, эл аралык мелдештерде жыйынтык көрсөтө баштаган. Ал профессионал кикбоксчу чыкчу бийиктиктердин баарын багындырган десек болот. Гермес лакап атына ээ болгон соң ал 3 жолу Дүйнө чемпиондугун (1999, 2003, 2005-жылдары), 3 ирет Европа чемпиондугун (1998, 2000, 2005-жылдары) уткан. “Барс” версиясы боюнча КМШ, Евразия, Европа жана Дүйнөнүн чемпиондук курларынын ээси эле.
РУСЛАН СПОРТТОН КИЙИНКИ ЖАШООСУН КӨМҮСКӨДӨ УЛАНТКАН
Ал 2009-жылы Москвада өткөн профессионалдар арасында супер оор салмакта Дүйнө чемпионун утту. Бул мелдештен эч кандай олуттуу билдирүү жасабай эле рингди таштап, бизнес менен алектене баштаган. 2011-жылы спортчу Ысык-Көл облусунун губернаторунун экология жана спорт иштери боюнча кеңешчиси болду. Ушул жылы анын “Супер-Инфо” гезитине берген маегинде Токмок шаарында чоң спорт-комплексин ачарын жана бокс боюнча эң мыкты мушкерлерди тарбиялаган Куба мамлекетинен машыктыруучуларды чакырарын айткан жайы бар. Аны эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Олимпиада чемпиону чыкпаганы өкүндүрчү. Өзүнүн карышкыр уулап жүргөнүн, ансыз да кыргыздын аркар-кулжалары азайып баратканын айтканы бар. Жалпысынан Руслан спорттон кийинки жашоосун көмүскөдө уланткан. Ал көпчүлүк убактысын Ак-Сай жайлоосунда өткөрүп, ууга чыгып келгени маалым.
"КИЧҮҮ УУЛУМДУ ЧОҢ СПОРТТОН КӨРӨМ" ДЕГЕН ТИЛЕГИ ӨЗҮ МЕНЕН КЕТТИ...
Руслан Абасов жубайы Айчүрөк менен 2003-жылы баш кошкон. Темирлан, Руслан жана Лейла аттуу уул-кыздуу болуп, бактылуу аталардын катарын толуктаган. Темирлан түрк лицейинде окуп келген. Ал эми спорт жаатында кикбоксчу уулу Русландын аралашарынан үмүт кылар эле. Анткени ага Руслан деп ат коюп, келечекте бокс боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келүүсү үчүн шарт түзөрүн айткан. Ажал минтип Руслан Абасовдун жолун тороп, "кичүү уулумду чоң спорттон көрөм" деген тилеги менен кошо алып кетти.
Руслан Абасов катардагы карапайым жумушчунун үй-бүлөсүндө чоңойгон. Атасы Акылбек уулу Русландын кичинекейинде каза болуп, экинчи атасынын колунда өскөн. Апасы Жумагүл ошол кезде фабрикада иштечү. Мирлан, Мирбек аттуу инилери жана Миргүл деген карындашы бар болчу.
ЖАНБУЛАТ АМАНТАЕВ, досу: “ОКУЯНЫН СПОРТКО ДА, УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТОРГО ДА ТИЕШЕСИ ЖОК”
- Руслан менен 1994-1995-жылдары таанышкам. Биздин залда профессионал болуп, ийгиликтери “Гермеске” келген соң катталган. Беттештерде аягына чейин мушташкан намыскөй эле. Карьерасын жыйынтыктагандан кийин ар кимибиз өз жолубуз менен кеттик. Мелдештерге келип, балдарга кеп-кеңешин айтып жүрдү. Нарындан жер алып, аңчылык менен алектенип жүрчү. Балким, жер маселесинен чыр чыктыбы деп ойлоп жатам. Бул окуянын, менин оюмча, спортко да, уюшкан кылмыштуу топторго да тиешеси жок.
АЛТАЙ ӨМҮРБАЕВ, машыктыруучусу: “КИЙИН КАНДАЙ ПЛАН КОЮП ЖҮРГӨНҮН БИЛЕ АЛБАЙ КАЛДЫМ”
- Менин билгеним боюнча, 14 жашында спорт менен машыгып баштаган. Өзүн спортко арнаган фанат болчу. Ак көңүл жигит эле. Машыгууда айткандарды аткарууга тырышчу. Жаштайынан эле балык кармап, аңчылык кылып, жаратылышка кызыгарын байкагам. 10 жылдай чогуу иштештик. Командада аны баары сыйлап, урматтап турчу. Акыркы жолу өткөн жылы жай айларында курама команда менен машыгуу сборунда болгон. Андан кийин көрүшө алган жокпуз. Тилекке каршы, анын кандай пландары бар экенин биле албай калдым.
СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА
Азыр ички душман менен сырткы душманды ажыратып билүү кыйын. Бишкекте атышуу болуп, анда Ниссан үлгүсүндөгү унаанын жанынан кандын изи калып, бирок жаракат алгандардын табылбай калышы, Камила аттуу кыздын өлтүрүлгөнү, катталган зордуктоо фактылары элди чочутууда. Күч органдары элди “тынчсызданбагыла” деп жибитүүдө.
Окуя боюнча Чүй ОИИББи “Тергөө иштери бүткөнгө чейин маалымат бере албайбыз. Акыркы жолу кимдер менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн аныктадык. Жакындары, достору сурак беришет. "Кримчөйрөнүн өкүлдөрү өлтүрдү" дегенге далил жок. Себеби ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган эмес” деп билдирди.
Абасовдун 2011-жылы “Нарындын Ак-Сай өрөөнүндө 50 миң гектар жерим бар. 7 жылдан бери аң уулоочулук менен алектенем” дегенине таянып, жер боюнча сураганыбызда күч органдары тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштын жерге тиешеси жок экени аныкталганын айтышты.
P.S. Руслан Абасов даңкы Баяман Эркинбаев, Раатбек Санатбаев сыяктуу спортчулардан кем калбаган кыргыздын чыгаан спортчусу, татыктуу уулу эле. Эмгек жамааттын атынан анын жакындарына, дос-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.