Чүйдө зордуктоого шектелип 46 жаштагы жаран кармалды. Маалыматка
ылайык, милицияга 33 жаштагы Жайыл районунун тургуну кайрылган.
Ал
26-март күнү 20:30 чамасында анын үйүнө белгисиз адам кирип, күч колдонуу
менен зордуктап кеткенин айткан. Бул факты боюнча тергөө амалдарынын жүрүшүндө
1967-жылы туулган жергиликтүү тургун колго түшүрүлгөн.
Азыркы тапта кармалган
адам убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.