"Формула-1" боюнча Малайзиянын "Гран-Присин" Льюис Хэмилтон утуп алды

Кечээ, 30-мартта “Формула-1” сериясындагы автожарыш боюнча Дүйнө чемпиондугунун 2-этабы, Малайзиянын "Гран-Приси" үчүн жарыш өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жеңишти британиялык Льюис Хэмилтон (Mercedes) камсыздай алды (көрсөткүчү 1 саат, 40 мүнөт 25,974 секундду түздү). Экинчи болуп мара сызыгын Хэмилтондон 17 секунд артта калып, германиялык Нико Росберг (Mercedes) кесип өттү. Алдынкы үчтүккө акыркы 4 жылда Дүйнө чемпиону аталган германиялык Себастьян Феттель (Red Bull) кирди. 2 мелдештин жыйынтыгында жалпы эсепте лидерлик сапты Нико Росберг карамагындагы 43 упай менен ээлеп келүүдө. Ал эми Хэмилтон 25 упай менен 2-орунга чыкты.

Автожарыштардын “Формула-1” сериясындагы Дүйнө чемпиондугунун кезектеги жарышы 6-апрелде Бахрейнде өтөт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан