Кадамжай районундагы А.Масалиев айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Баткен облусунун Кадамжай районундагы А.Масалиев айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 31-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, аталган айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 2011-жылы иш техникаларын сатып алуу үчүн жасалма жол менен бухгалтериядан акча каражатын чегерип алышкан. Аны текшерүүгө алышканда иш техникалары жок болуп чыккан. Муну менен мамлекет 107 миң сомго жакын зыянга учураган.

Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurando
2014-03-31 10:31:32
Кадамжайымды уят кылдынарго
+1
nurkojo
2014-04-01 02:04:26
Менин Айыл Окмоттумо эмне болду экен???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан