Эртең, 1-апрелде Кыргызстандын футбол боюнча 2013-жылдагы чемпиону "Алай" футболдук клубу АФКнын Кубогунун 4-тур оюндарынын алкагында Иорданиянын чемпиону "Шабаб-Аль-Ордон" командасы менен беттешет. Бул беттеш алдында Ош шаарынын жаштары "Эй, калайык, мени ук! Бириң калбай, баарың ук! Эртең футбол!" аталыштагы ураан менен жүрүш жасап, шаар тургундарын "Алай" командасынын беттешине кайдыгер карабоого чакырык жасашууда. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта аталган демилгенин катышуучусу Рыскулбек уулу Эламан билдирди.
"Баатыр согушта, дос-башыңа иш түшкөндө сыналат. Патриоттуулукту көрсөтчү мезгил келди",- дейт ал.
Айта кетсек, мындай демилгени Ош мамлекеттик университетинин тарбия боюнча департаментинин директору Замирбек Божонов көтөрүп чыккан.