Эртең, 1-апрелде Ош шаарынын борбордук стадионунда АФКнын Кубогунун тайпалык баскычынын 4-турунун алкагында Оштун «Алай» командасы Иорданиянын «Шабаб-Аль-Ордон» командасы менен беттешет. Буга карата бүгүн, 31-мартта аталган командалардын машыктыруучулары маалымат жыйынын өткөрүштү.
Анда “Алайдын” капитаны Алмаз Мирзалиев бир катар журналисттердин суроолоруна жооп берип, буга чейин Ошто бахрейндик «Риффага» оюндагы күйөрмандардын колдоосуна ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле «Алайдын» машыктыруучусунун жардамчысы Борис Стрельцов: “Биздин атаандаштарыбыз техникалык жактан күчтүү болушу мүмкүн, бирок биз өз күчүбүздөн тайбай, келген күйөрмандардын ишенимин актаганга аракет кылабыз”,- деди.