Москвада кыргызстандык мигранттардын арасында шахмат боюнча турнир өттү

Орусиянын Москва шаарында КРнын Элчилигинин Кубогу үчүн шахмат боюнча турнир болуп өттү. Ага Москвада жана Москва облусунда жашаган кыргызстандык эмгек мигранттары, студенттер, мектеп окуучулары катышты. 

7 турдун жыйынтыгында Сакеев Мырзагелди жеңишке жетти. 2-орунду Бектурганов Бактияр ээлесе, 3-орунду Үсөнбаев Асылбек багынтты. Кыз-келиндер арасында мелдештин эң кенже катышуучусу, 3-класстын окуучусу Тойгонбаева Камила 1-орунду ээледи. Жеңүүчүлөр Орусияда жашаган диаспоралар арасында өтүүчү шахмат боюнча сынакка катыша алышат. Иш-чара Москвадагы Шахмат федерациясы жана коомдук уюмдардын колдоосу менен ишке ашты. Жеңүүчүлөргө кубок, баалуу белектер, уюлдук телефон, планшет жана фотоаппарат өңдүү сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу 31-мартта КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulnur1980
2014-03-31 14:32:26
Азаматсынар! Жакшы кабарларды уксак болт экен го!
0
Beko87
2014-03-31 21:07:05
Тыпыйып 3 класстын кызы отурганын коруп оло суйундум.Кыргызымдын кыздары акылдуу болушат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан