"Лондон-2012" Олимпиадасынын катышуучусу Эржан Аскаров жеңил атлетика боюнча республикалык мелдеште жеңүүчү аталды

29-мартта Бишкектеги “Кара жыгач токою” сейил багында жеңил атлетика боюнча белгилүү спорт ишмери Дөлөн Өмүрзаковдун жаркын элесине арналган эл аралык кросс болуп өттү. Анда өспүрүмдөр жана кыздар жаш өзгөчөлүктөрүнө карата 4 категорияга бөлүнүп жарышышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1999-2000-жылдары төрөлгөн спортчулар арасында кыздардан токтогулдук Гүлнур Замирбек кызы 1 чакырым аралыкка чуркоодо жеңүүчү аталса, Ноорусбек Карыбай уулу (Токтогул) уландар арасында 1-орунду ээледи.

1997-1998-жылдары төрөлгөндөр арасында 1 чакырым аралыкка болгон жарышта Нуржамал Сүйүнбек кызы (Ноокат) менен Ислам Жеңишбеков (Каракол) мара сызыгын биринчи болуп кесип өтүштү.

1995-1996-жылкы жаш спортчулар арасындагы жарышта кыздар 1 чакырымды, жигиттер 3 чакырымды басып өтүштү. Жыйынтыгында жеңишке Олимпиадага даярдоо борборунун өкүлдөрү Жоодар Көчкөнбаев менен Дарья Мастова жетишишти.

Ал эми 20 жаштан жогорку курактагы уландар 4 чакырымга жарышып, анда “Лондон-2012” Олимпиадасынын катышуучусу Эржан Аскаров (Олимпиадага даярдоо борбору) жеңүүчү аталды. 2 чакырым аралыкта жарышка түшкөн кыз-келиндер арасында Олимпиадага даярдоо борборунун өкүлү Мария Карабецкая алдына эч кимди салган жок. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан