Кечээ, 30-мартта Сузак районунда футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Ага Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги, жергиликтүү мамлекеттик бийликтин жетекчилери катышышты. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мелдеште 3 айыл округунун футболчулары оюн көрсөтүшүп, 1-орунду "Барпы" командасы, 2-орунду "Ырыс" командасы, 3-орунду "Сузак" командасы ээлеп, түрдүү даражадагы дипломдор менен сыйланышты.
Айта кетсек, саамалыктар Жалал-Абад ОИИБи тарабынан облустун аймагында «Мекеним менин - Кыргызстан!» аттуу алдын ала профилактикалык иш-чаранын алкагында өтүп жатат.