Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен Жыргал Ниязалиевдин денесин издөө иштери бүгүн да улантылат

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен Жыргал Ниязалиевдин денесин издөө иштери бүгүн да улантылат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 1-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, издөө иштеринен натыйжа чыкпагандыктан, Чоң Чүй каналындагы суунун көлөмүн азайтуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, суу жарым-жартылай жабылды. Учурда куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Эске сала кетсек, 1973-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Жыргал Ниязалиев 28-март күнү Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aliii
2014-04-01 12:42:35
Эмне болуп чогуп кеткен экен а?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан