Украинанын футбол боюнча биринчилигинин 22-турунда катталган “Днепр”-“Динамо” командаларынын беттешинде футболчу Олег Гусев кагылышуудан кийин тилин жутуп алып, ага Жаба Канкава дарыгерлерден мурун жардам көрсөттү. Тилин жутуп алган футболчунун тилин тартып, көмкөрөсүнөн жаткырган Канкава мындай ишти ал турмуштук тажрыйбасынан улам билерин айтат. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде украиналык басылмалар кабарлашты.
“Мен тилин жутуп алгандарды көрүп жүргөм. Ошол себептүү өз убагында эмне кылуу керектигин жакшы билчүмүн. Менин ордумда баары эле жардам берүүгө аракет кылмак”,- дейт ал.