Бүгүн, 1-апрелде АФКнын Кубогунун 4-тур оюндарынын алкагында Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо жергиликтүү “Алай” менен иорданиялык “Шабаб Аль-Ордон” беттешип, коноктор 1:0 эсебинде утуп алышты.
90 мүнөттүк оюн тең салмактуу өттү. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө “алайлыктардын” киргизген голун беттеш калысы офсайд абалы катталганынан улам эсепке алган жок. Ал эми оюндун 88-мүнөтүндө коноктор гол киргизип, жеңишти илип кетишти.
Кошумчалай кетсек, АФКнын Кубогуна кыргызстандык клубдардын ичинен биринчи болуп катышып жаткан “Алай” тайпада үчүнчү ирет жеңилип отурат. Мелдештин жобосу боюнча “үйдө-конокто” системи орун алууда. Демек, Кыргызстандын ТОП-Лигасын 2013-жылы утуп алган “Алай” тайпада дагы 2 беттеш өткөрөт.