Өткөн сутка ичинде республика боюнча 36 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 21, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 3, Талас облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун келип чыгуусуна көпчүлүк учурларда адамдардын шалаакылыгы себеп болууда.
Өткөн суткада Чүй облусунун Кемин районунда 150 гектар кургак чөп күйгөн. Аны өчүрүүгө жергиликтүү жашоочулардан 15 адам, өрт өчүрүүчүлөрдөн 5 адам катышкан. Тилсиз жоонун келип чыгуусуна отко карата этиятсыздык себеп болгон.