31-мартта Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда жыйынтыкталган бильярд боюнча Бишкектин биринчилигинде Дастан Лепшаков жеңүүчү аталды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 63 кий чебери катышкан биринчиликтин финалына Дастан Лепшаков менен Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Канат Сыдыков чыгып, жыйынтыгында 6:3 эсебинде Дастан жеңүүчү аталды. 3-орунду Кайрат Апсатаров менен Ызатбек Раатбеков ээледи.