УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: ПСЖ өз үйүндө “Челсини”, “Реал” дортмунддук “Боруссияны” кабыл алат

Бүгүн, 2-апрелде УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндары орун алат. Анда франциялык ПСЖ өз үйүндө англиялык “Челсини” кабыл алат. Ал эми мадриддик “Реалга” дортмунддук “Боруссия” “конокко” келет. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет. Беттештер Бишкек сааты боюнча 00:45те старт алат.

 

Башкы машыктыруучулардын бүгүнкү оюндар тууралуу пикирлери

КАРЛО АНЧЕЛОТТИ, “Реалдын” башкы машыктыруучусу:

- Менин оюмча, “Боруссия” УЕФАнын Чемпиондор Лигасында утулуп калууга даяр эмес. Анткени Германиянын Бундеслигасында чемпиондук жарыштан четтеп калганы аларды Чемпиондор Лигасында күчтүү ойноого түртүп жатат. Дортмунддуктардын чабуулчулары жогорку класста жана каршы чабуулу өтө кооптуу. “Боруссияны” утуш үчүн “Реал” ишенимдүү футбол алып барышы керек.

ЮРГЕН КЛОПП, “Боруссиянын” башкы машыктыруучусу:

- “Реал” коргонууда да, чабуулда да мыкты ойногон команда. Мадриддиктер алып барган оюндун ылдамдыгы жогору. “Боруссия” өткөн жылы “Реалдын” жолун тосо алган. Быйыл да ошол жетишкендикти кайталоого аракет кылабыз.

ЖОЗЕ МОУРИНЬЮ, “Челсинин” башкы машыктыруучусу:

- ПСЖнын чабуулдук бөлүктө кемчиликтери жокко эсе. УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын бул баскычында чабуулда ойногон футболчулар көп нерсени чечет. Атаандаштардын курамында Златан Ибрагимович, Эдинсон Кавани, Эсекьель Лавеccи сыяктуу тажрыйбалуу оюнчулар бар. Бул оюнчулар оюндун тагдырын чечиши мүмкүн.

ЛОРАН БЛАН, ПСЖнын башкы машыктыруучусу:

- “Челси” менен ПСЖнын оюнунда чоң айырмачылык бар. “Челси” каршы чабуулга басым жасайт. ПСЖ болсо топту көбүрөөк көзөмөлүнө алууга аракет кылат. Биз өз күчүбүзгө ишенебиз.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nooken.kg
2014-04-02 17:22:18
Реал женет болду бекен а?
-2
TIMi4
2014-04-02 20:00:16
nooken.kg, albetteee real real da buiursa
-2
Kozer
2014-04-02 17:39:52
Афтор,Максат Кудайбердиев мына эми жакшы болуптур пикирлерин кошо жазып.Азаматсын ушундай футбол жонундо кенири жаза бер чон рахмат.
А оюн боюнча Реал быйыл чемпион болот буйурса алга Роналдо алга Реал!
0
nurando
2014-04-02 20:24:37
Оа достор только Реал женет Роналдо барбы демек женент
-2
edil.9292
2014-04-05 00:13:32
nurando, Рональду сага эмнеси менен жагат артист Боло бергениби жанынан катуу чуркап отуп кетсе жыгылып калат даяр топту дарбазага киргизгенди сен деле билесин Мен деле билем!
+1
nurando
2014-04-02 22:13:04
Реал алгаааааа жениш только
-1
Topcubai
2014-04-02 22:43:05
псж уйундо челсини талкалайт.реал менен борусия тен тен ойнойтко деп ойлойм.немистер да оной жоо эмес.бул менин жеке оюм
0
KUMU89
2014-04-02 22:54:25
Реал Алга! Ишеничти актагыла.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан