28-мартта Талас шаарында кулатуунун эр таймаш ММА (Mixed Martial Arts - Аралашма уруш түрү) версиясы боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Анда Талас шаарынын курама командасы менен Казакстандын Тараз шаарынын мушкерлеринин катышуусунда 4 рейтингдик беттеш орун алды. Аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашкандай, 4 беттеш тең кыргыз мушкерлеринин жеңиши менен аяктады.
Алгач 60 килограмм салмакта Талгат Сейталиев тараздык Тартай Нургелди менен кез келип, утуп алды. Андан тышкары Эламан Жумалиев (70 килограмм), Руслан Эмилбек уулу (75 кг) жана Камрян Абасов (80 кг) өз салмактарында жеңүүчү аталышты.