Каталондук “Барселона” футболдук клубуна 18 жашка чейинки футболчуларды каттап, курамына алгандыгы үчүн “мыйзам бузду” деген айып тагылды. ФИФА тараптан жаза катары 2015-жылдын жай айына чейин клубга жаңы оюнчуларды сатып алууга болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде ФИФАнын расмий сайты маалымдады.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдан бери уланып келген иликтөө иштери соңуна чыгып, клуб тарабынан жана жергиликтүү Футбол федерациясы тарабынан мыйзам бузулганы аныкталды. ФИФА оюнчуларды бул клубга каттоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткандан тышкары, жергиликтүү Футбол федерациясына 18 жашка чейинки футболчуларды каттоо системин көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.