УЕФАнын Чемпиондор Лигасында “Челси” ири эсепте утулду

Кечээ, 2-апрелде УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын алгачкы оюнунда “Челси” конокто ПСЖга ири эсепте утулду. Биринчи таймда 1:1 эсеби катталып, экинчи тайм чечүүчү ролду ойноду. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Ал эми “Реал”-“Боруссия” беттешинде мадриддиктер да 3 гол киргизип, өз дарбазасын кургак сактап калууга жетишишти. Бул беттеште Криштиану Роналду УЕФАнын Чемпиондор Лигасында “Барселонанын” чабуулчусу Лионель Мессинин 2012-жылы койгон рекордун кайталады. Криштиану Роналду бир сезондо киргизген голдорунун санын 14кө жеткизди.

“Реал” (Испания) – “Боруссия” (Д, Германия) - 3:0.

Голдор: Бэйл (3-мүнөттө), Иско (27-мүнөттө), Криштиану Роналду (57-мүнөттө).

ПСЖ (Франция) - “Челси” (Англия) - 3:1.

Голдор: Лавесси (4-мүнөттө). Азар (27-мүнөттө пенальтиден), Давид Луис (61-мүнөттө өз дарбазасына), Пасторе (90-мүнөттө).

Бул командалардын ортосундагы жооптук оюн 8-апрелде өтөт. 

УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: ПСЖ-Челси
УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: Реал Мадрид - Боруссия Д
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurando
2014-04-03 15:53:57
Мына сага Роналдо мына финалда еми коробуз Реалды финалда Реал Мадрит - Бавария албетте Реал женент себеб Роналдо Иско Бейл Бензема бар ишенем
Женент реал алгааааааааааааааааааааа
-1
my_love9595
2014-04-03 18:36:21
реал мадрид эн жакшы клуб мирада мен сени суйом реал
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан