Ысык-Ата районунун тургуну "досун өлтүрдү" деп шектелүүдө

Ысык-Ата районунда "чатакташа кетип, досун өлтүрүп койгон" деген шек менен эркек киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 20-декабрда Ысык-Ата РИИБине каза болгон кишинин жансыз денеси табылганын кабарлашкан. Ыкчам изилдөө тобу тарабынан каза болгон жаран Ивановка айылынын тургуну, 1963-жылы туулган Х.В. экендиги аныкталды. Ага соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, башка оор буюм менен уруп, муунтуп өлтүрүлгөнү аныкталды. Кылмышка шектүү деп аталган райондун тургуну, 1957-жылы туулган Л.С. кармалды. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан