Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) АКШнын сенаторлору Марк Керк менен Дэн Коутстун “ФИФА саясий оюнга кирген Орусия Федерациясынын футбол боюнча курама командасын 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугуна катыштырбоого тийиш жана 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугун Орусиядан тартып алуу керек” деген сунушун четке какты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Эл аралык футбол федерациясынын башкы катчысы Жером Вальк “футбол боюнча улуттук курама командалар өлкөдөгү бийликтин аракети үчүн жоопкерчилик албайт” деп белгиледи.