Казакстанда авиакырсыктан 27 адам каза болду

Казакстанда кечээ, 25-декабрь күнү ири авиакырсыктан 27 адам каза болду. Казакстандын жергиликтүү ММКлары маалымдагандай, авиакырсык Шымкент аэропортунан 20 чакырым алыстыкта болгон. Маалым болгондой, 25-декабрь күнү кечки саат 18:55те Астана-Шымкент авиакаттамы боюнча учкан Казакстандын чек ара кызматынын AH-72 учагы кулаган. Учакта 20 аскер кызматы, анын ичинде Казакстан Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Турганбек Стамбеков жана экипаждын 7 мүчөсү болгон. Учак толугу менен күйүп кетип, алдын ала маалыматтарга ылайык, ичиндеги адамдардын баары каза болду. Учурда  окуя болгон жерде куткаруучу топ иштеп, кырсыктын келип чыгышынын себептери такталууда.

Казакстандагы авиакырсык 27 адамдын өмүрүн алып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
adalsvards
2012-12-26 10:38:30
Эмнегедир ушул жаңылыктан кийин Лех Качинскийдин трагедиясы элестеп кетти...(((
0
kanikey
2012-12-26 13:12:41
кудай сактасын, кышында жолду тайгак деп алыс жолго чыксак самалет менен учабыз,кудай эле сактасын кырсыктардан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан