Эртең, 4-апрелде Бишкектеги Түштүк дарбазасында Азиялык олимпиадалык жөө жарыш күнү белгиленет. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарыштарга орто мектептерде окуган, 1999-2002-жылдар аралыгында төрөлгөндүгү тастыкталган жаштар катышат. Анда 500 метр аралыкка кыздар жана балдар арасында төрттөн жарышка старт берилмекчи. Катышуучуларды каттоо саат 10:00гө туураланса, жарыштар 11:00дө башталат.
Ага Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун жана Түштүк Кореяда өтө турган Азия оюндарынын уюштуруу комитетинин директорунун катышуусу күтүлүүдө.