13 жаштагы казакстандык муз үстүндөгү бийчи Элизабет Турсынбаева Италияда өткөн эл аралык мелдеште чемпион болду

13 жаштагы казакстандык муз үстүндөгү бийчи Элизабет Турсынбаева 30-мартта Италияда жыйынтыкталган эл аралык таймашта биринчиликти жеңди. Италиянын Сельва-ди-Валь-Гардена шаарында өткөн "Gardena Spring Trophy" аталышындагы эл аралык таймашта Элизабет 23 атаандашынан озуп чыгып, упай менен алдынкы орунду уткан. 2-3-орунду америкалык спортчулар Эшли Шин менен Брэйди Теннел ээлешкен. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Таймашка АКШ, Италия, Канада, Австрия жана Франция өлкөлөрүнүн спортчулары катышкан. Элизабет болсо Казакстандын атынан жалгыз катышкан спортчу болгон. Ал үстүбүздөгү жылдын башында Словакияда өткөн эл аралык мелдеште да жеңүүчү аталган.

Кошумчалай кетсек, Элизабет Турсынбаева 2013-жылдан бери канадалык машыктыруучу Брайан Орсердин колунда тарбияланат. Орсер кезинде 2014-жылдагы Дүйнөнүн жана Олимпиаданын чемпиону, япониялык Юдзур Ханюну машыктырган. Муну менен катар 2010-жыл Ванкуверде өткөн Кышкы Олимпиадада кореялык Ю На Кимди жеңишке жеткизген. Брайан Орсер Элизабет Турсынбаева боюнча жаш фигуристка Олимпиада чемпиону болууга толук жөндөмдүү экенин билдирген.

Маалымат айдыңында Элизабеттин атасы Байтак Турсынбаев Казакстандын кулуну экени жана апасы Падышахан Султаналиева Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Ит-Агар айылынан экени кеңири айтылып жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ABS
2014-04-03 17:49:59
Мунун бизге тейшеси жок го дейм !
-1
bossmos7
2014-04-03 18:01:05
Жеен экен ! Азамат! Кыргыздын каны!
+1
tolkun85
2014-04-03 19:51:24
кучтууго ишине ийгилик!
0
Aitunuk
2014-04-03 22:59:42
Азамат, Элизабет. Кыргызстандын аты да дүйнө элдерине митинг аркылуу даңаза болбой, бул кыз сыяктуу биздин да чемпиондор менен дүңгүрөйлү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан