Өткөн жылдын декабрь айында лыжа тээп жүргөндө жыгылып, башынан оор жаракат алган спортчу Михаэль Шумахердин абалы боюнча анын ишенимдүү кишилеринин бири Сабина Кем маалымат берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Сабина Кемдин айтымында, "Формула-1" сериясы боюнча 7 ирет Дүйнө чемпиону аталган Шумахер төртүнчү ай катары менен комада кыйын абалда жатканына карабай абалынын жакшырып кетерине үмүт бар. “Азыр Михаэль Шумахердин бутка туруп кетүүсүнөн үмүт берген айрым белгилер байкалып жатат”,- дейт ал.