Бүгүн, 3-апрелде Бишкектеги муз аянтчаларынын биринде “Шамдагайлар таймашынын” жарым финалы өткөрүлдү. Ага Бишкек шаарынын 1-Май, Свердлов, Ленин, Октябрь райондорунан түзүлгөн 4 команда катышып, аларды шоу чөйрөсүнүн жылдыздары да толукташты. Алсак, ырчылар Токтобек Асаналиев, Максат Бегалиев, Гүлнур Асанова, актёр Бектемир Мамаюсупов, алып баруучу Саната Жумакадырова өз командалары менен күч сынашты.
Бишкек шаардык дене тартия жана спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров: “Буга чейин жайында сууда сүзүү, кышында тоодо кышкы оюндарды ойноо боюнча таймаштарды өткөрүп келгенбиз. Ал эми муз үстүндөгү бул таймаш 3-жолу уюштурулууда. Бүгүнкү "Үй-бүлөлүк" деп аталган таймашка жалпысынан 40 киши катышып жатат. Максаты - ден соолукту чыңдоо жана кышкы спортту коомчулукка жайылтуу. Анткени бүгүнкү күндө спортко жакшы көңүл бурулбай келет”,- деди. Ошондой эле ал салтка айланган бул таймаш каражат которулуп турса улана берерин билдирип өттү.