5-апрелде Кыргызстандын ТОП-Лигасында чемпиондукка башкы талапкерлер “Дордой” жана “Абдыш-Ата” клубдары кездешет

5-апрелде Кыргызстандын ТОП-Лигасында чемпиондукка башкы талапкер катары каралган бишкектик “Дордой” менен канттык “Абдыш-Ата” клубдары кездешет. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, “Дордой” спорт-комплексинде өтө турган беттеш 17:00дө башталат.

Кошумчалай кетсек, 3-тур оюндарынын жыйынтыгында “Абдыш-Ата” карамагындагы 6 упай менен алдынкы орунду ээлеп келет. Ал эми 1 оюн өткөрүп, 3 упай алган “Дордой” азырынча 4-орунда келүүдө.

5-апрелде “Манас”-“Алга” беттештери да орун алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан