Бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. 1 саатка созулган саамалыкка спорт ишмерлери, спортчулар күбө болуп, өнөр адамдары эл алдында өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Кошумчалай кетсек, КРнын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы №18-токтомуна ылайык, жыл сайын 6-апрелде Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленмекчи.