5-6-апрелде Бишкектеги "Боец" спорт клубунда NAGA грэпплинг боюнча 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жаркын элесине арналган республикалык мелдеш орун алат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде КРнын Эрежесиз эр уруш федерациясынын президенти Эмил Токтогонов SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, мелдеш жаш өзгөчөлүктөрүнө карата 5 категория (балдар, өспүрүмдөр, жаштар, чоңдор жана ардагерлер) боюнча өткөрүлөт.
Эмил Токтогоновдун айтымында, 7-Апрель окуясында курман болгондордун жаркын элесине арналган мелдеш буга чейин эрежесиз эр уруш боюнча өткөрүлүп келген. Бул жолу NAGA грэпплинг түрү боюнча өткөрүү чечими кабыл алынды. Алгач мелдешти Кантта уюштуруу пландары болгон, бирок айрым себептерден улам Бишкекте өткөрүүгө туура келди.