Бүткүл дүйнөлүк сериясында мушкер Азат Усеналиев утканы менен, “Украина атамандары” жарым финалга чыга алган жок

Кечээ, 4-апрелде Украинанын Донецк шаарында Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларынын чейрек финалында “Украина атамандары” менен Орусия курама командасынын ортосунда жооптук беттеш болду. Анда 52 килограмм салмакта кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев рингге чыгып, атаандашы Бахтовар Назировду утуп алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, беттеш 4:1 эсебинде орусиялыктардын жеңиши менен аяктады. Азат Усеналиев “Украина атамандарынын” курамында жалгыз жеңүүчү болду.

Кошумчалай кетсек, “үйдө-конокто” системи менен өткөрүлгөн 2 беттештин жыйынтыгында “Украина атамандары” жарым финалга чыга алган жок. Бул командалар биринчи беттешинде Орусияда кез келип, анда да 4:1 эсебинде Орусия курама командасы жеңип алган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Aidar
2014-04-05 14:10:15
birinchi bettewte Azat uttu bele? Alga KGZ
+2
92nuraaly
2014-04-05 15:06:22
Ийгилик каалайм.
+2
sanchos
2014-04-05 16:18:49
красавчик!!!
+3
MEDER_KULETOV
2014-04-05 18:00:35
Азамат Азатчик
+1
Dadasdasd
2014-04-05 18:16:58
Күчтүү болуу аста аста. Азмат, ийгилик
+1
TIMi4
2014-04-05 18:25:19
Azatka jakyn toyta camry beriwkin gasprom! Azat 52kg duino juzu boiun 6 orunda turat eekek!
+3
mirbakg
2014-04-05 19:59:13
Салам суппер инфо видеосун жуктоп койсонор Жакшы болмок!!
+1
bilimbek
2014-04-05 20:16:22
Биринчи беттеште Азат чыккан емес
0
kara_kulzha
2014-04-06 09:38:52
"Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши" деген ушуда. Азаматсың Красавчик.
+2
bayana1987
2014-04-08 10:14:54
Азаматсын Азат, сендей кыргыздын уулдары кобоё берсин! Кыргыз спорту онугуп осуп дуйного аныра дунгуросун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан