ТОП-Лиганын 4-тур оюндарынын алкагында бишкектик “Алга” клубу “Манасты” ири эсепте утуп алды. Кыргызстандын футболдук лигасынан маалымдашкандай, 5-апрелде болгон оюн 3:0 эсебинде “Алганын” жеңиши менен жыйынтыкталды.
“Алганын” курамында Руслан Жамшидов эки гол менен айырмаланса, бир гол Нуркал Сатаевдин эсебине жазылды.
Кошумчалай кетсек, “Алга” командасы сезондогу үчүнчү жеңишин катары менен камсыздап, карамагындагы 9 упай менен ТОП-Лигада 1-орунда келүүдө.