Криштиану Роналдунун голунан кийин комадан чыккан Давид кумири менен жолукту

Мадриддик “Реалдын” жана Криштиану Роналдунун польшалык күйөрманы, өткөн жылы Роналдунун голунан соң комадан чыккан Давид Павлашчик кумири менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2013-жылдын август айында 14 жаштагы Давид Павлашчикти унаа коюп кетип, ал комага түшүп калган. Дарыгерлер анын жашап кетерине үмүт артышкан эмес. Ал эми Давиддин ата-энеси уулун башка ооруканага котортушуп, дарыгерлердин кеңеши менен уулу жаткан бөлмөгө ал жакшы көргөн нерселерди жайгаштырышкан. Анын ичинде “Реалдын” сүрөттөрү илинип, сыналгыдан Криштиану Роналду ойногон оюндар түз көрсөтүлгөн.

2013-жылдын 18-ноябрында 3 ай бою комада жаткан жеткинчек бала Португалия-Швеция беттешинде Криштиану Роналду гол киргизгенде эсине келген.   

Польшалык басылмалар бул окуяны жазып чыгышкан соң, Криштиану Роналду күйөрманы Давидди “Реалдын” УЕФАнын Чемпиондор Лигасында “Боруссияга” каршы оюнуна чакырган. Жолугушуу учурунда футболчу жаш күйөрманына өз футболкасын белек кылганы маалым болду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
muslim_07
2014-04-07 10:41:35
Мына жашоонун кызыгы :-D
-1
chikakorea
2014-04-07 12:21:15
Erkek. Chynygy erkektik postupok. Alga Kyrgyzstan alga Ronaldo.Jana dagy baardyk oorulularga Ronaldonun jetishkendigi shybaa bolsun...
-3
kyrgyzstan_93
2014-04-07 12:41:39
chikakorea, Аллага мин мерте тообо келтир.Алла шыпаасын берди ,а каяктагы бир клоун эмес!!!
+3
Arman
2014-04-07 13:57:58
kyrgyzstan_93, эн тууру
+2
admin_superstan
2014-04-07 14:14:27
Arman, баш тамгалар эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз түзөтүлдү.
0
Kozer
2014-04-07 14:41:02
Даа ийгилик Роналдого.Негизи мындай болушу мумкун,бул Роналдо кичи пейил дайым жетим жесир майып балдарга жардам берип келет,кудайым колдосун ийгилик.
+1
mir89kg
2014-04-07 23:23:58
Эгер Месси менен Роналдону салыштырсак, экоону кучу тен чыкса, Роналдонун ушул кичи пейилдиги, адамгерчилиги менен оозуп кетет. Азамат Криштияно!!!
0
Kalempir26
2014-04-07 23:56:31
Биздин кыргызстанда дагы ушундай Криштианодой фуболчулар чыкса экен озго жерде биз дагы ооо Кыргызстандык деп суйунот элек .....
0
nurando
2014-04-08 15:53:01
Kalempir26, мен жакында коросун буюрса
0
nursultan1
2014-04-09 20:22:31
Ийилгенге ийилген баалап койгон кул эмес, Кекенге кекенгин асмандан тушкон нур эмес. Кю Роналдунун оюнунда эч качан куйормандык ылган эмесмин бирок азыр ага ыраазы болуп отурам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан