Кечээ, 6-апрелде Бахрейндеги “Сахир” деген аталыштагы автодромдо автожарыштардын "Формула-1" сериясы боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү жарышы орун алды. Анда “Мерседестин” өкүлү, британиялык Льюис Хэмилтон жеңүүчү аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, экинчи болуп мара сызыгын германиялык Нико Росберг (“Мерседес”) кесип өтсө, 3-орунду мексикалык Серхио Перес (“Форс Индия”) камсыздады.
Кошумчалай кетсек, "Формула-1" боюнча Дүйнө чемпиону 19 өлкөнүн "Гран-Присинде" топтогон упайлардын негизинде аныкталат. Сезондогу төртүнчү жарыш 20-апрелде Кытайдын "Гран-Приси" үчүн орун алат.