Бүгүн, 8-апрелде Бахрейнде Ош шаарынын “Алай” футболдук клубу АФКнын Кубогунун 5-турунда жергиликтүү “Аль-Риффа” клубу менен кез келет. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, “D” тайпасында орун алган командалардын ортосундагы бул беттешке Бишкек убактысы боюнча 21:10до старт берилет. Калыстык милдетти Кувейттен келген калыстар тобу аркалайт.
Кошумчалай кетсек, “Алай” менен бахрейндик “Аль-Риффа” клубунун ортосундагы алгачкы беттеш 26-февралда Ош шаарында болуп, анда 0:0 эсебиндеги тең чыгуу катталган. Учурда “Алай” карамагындагы 1 упай менен өз тайпасында акыркы орунду ээлеп турат. 2 жеңиш жана 1 тең чыгуу менен 7 упай топтой алган “Аль-Риффа” тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.